• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандык суучулдар Дохада өтчү дүйнө чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Денис Петрашов жана Елизавета Печерских дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Дүйнө биринчилиги Катардын Доха шаарында 2-18-февраль күндөрү өтөт. Мелдештин жүрүшүндө жалпы 76 комплект медаль ойнотулат.

Курама команда башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий