• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкек шаардык милициясына кызматтык электромобилдер тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Бишкек шаардык милициясына кызматтык үч электромобиль тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББсинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Унааларды Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновго салтанаттуу түрдө тапшырган.

"Электромобилдер КР Ички иштер министрлиги менен Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана өз ара аракеттенүү жөнүндө кол коюлган меморандумдун алкагында, Бишкек ШИИББнын финансылык-техникалык жактан камсыз кылууну күчөтүү, туристтердин жана чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий