• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Айсулуу Тыныбекова: Кийинки Олимпиада оюндарына катышуу тууралуу айтуу эрте

Спорт 0

Бишкек, 13.08.24. /Кабар/. Олимпиада оюндарынын эки жолку байге ээси Айсулуу Тыныбекова маалымат жыйынында кийинки Олимпиада оюндарына катышасызбы деген суроого жооп берди.

Анда спортчу учурда аябай чарчап тургандыгына байланыштуу бул суроого жооп бере албай турганын айтты.

"Олимпиаданын алдында мен жаракат алгам, бутумдун каптал тамырлары үзүлүп кеткен. Ошул жаракат менен мен коло медаль утуп алдым. Ошол учурда мага ыраазычылыктан башка ой келген жок. Азыр кийинки Олимпиада оюндарына катышуу тууралуу айтуу эрте. Мен эс алышым керек жана ошондон кийин гана андан аркы аракеттериме байланыштуу чечим кабыл алам", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий