Айсулуу Тыныбекова Польшадагы рейтингдик турнирдин жеңүүчүсү аталды

Спорт 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык рейтингдик турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Мелдештер 19-24-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат.

62 кг чейинки салмак ченинде күрөшүп жаткан кыргыз балбаны алгач польшалык, андан кийин канадалык спортчуларды мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыккан.

Тыныбекова финалда германиялык спортчу менен кез келип, аны 4:1 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

Буга чейин аталган мелдеште Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов алтын, Раззак Бейшекеев күмүш, Үзүр Жусупбеков коло медаль тагынган.

Пикир

Оставить комментарий