• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Денис Петрашов машыгууларын Түркияда өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Түркияда эл аралык окуу-машыгуу жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, XXXII жайкы Олимпиада оюндарына ийгиликтүү даярдануу максатында сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов 14-июндан 2-июлга чейин Белек шаарында машыгууларын өткөрөт.

Спортчуну башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов коштоп барат.

Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен Белек шаарына жөнөтүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий