• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Айтматов районунда 247 жыгач электр мамылар темир бетон мамыга алмаштырылды

Аймак 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Талас облусунун Айтматов районунда кыш-күз мезгилине даярдык көрүү максатында 247 даана эски жыгач мамылар темир бетон мамыга алмаштырылды.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде капиталдык курулуш иштерин өткөрүүгө, реконструкциялоо иштерин жүргүзүүгө 10 кВ аба чубалгысында 2,15 км реконструкциялоо иштери аткарылып, анын ичинен 61 даана темир бетон тирөөчү алмаштырылды. 10 кВ аба чубалгысынын 1 км куруу иштери жүргүзүлүп, 7 даана темир бетон тирөөчүн алмаштыруу иштери аткарылды.

Ошондой эле Айтматов району боюнча жалпы 323 даана трансформатор бар жана анын ичинен 33 даана трансформаторду капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалып, 30 даанасы аяктады. 276 даана трансформаторду техникалык тейлөөдөн өткөрүү иштери пландалса, учурда 177 даанасы аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий