• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

2020-жылда Жалал-Абад облусунда өрттүн саны 15,8% азайды

Аймак 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. 2020-жыл ичинде Жалал-Абад облусунда 410 өрт кырсыгы катталып, 2019-жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 15,8% азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 4 жаран, анын ичинде 1 жаш бала жарат алган. Ал эми 2019-жылы тилсиз жоодон 7 адам, анын ичинде 1 жаш бала каза болуп, 6 адам, анын ичинде 4 жаш бала жабыр тарткан.

Өрттөн 2 адам куткарылган. Кысыктын кесепетинен 185 млн 550 миң 849 сомдук материалдык зыян келтирилген. Негизинен өрт кырсыктары (284 өрт, 69,3 %) турак-жай секторунда катталган.

Катталган өрт кырсыктары Жалал-Абад облусунун район, шаарлары боюнча төмөндөгүчө бөлүнөт:

- Жалал-Абад шаарында – 41;

- Кара-Көл шаарында – 13;

- Майлуу-Суу шаарында – 8;

- Таш-Көмүр шаарында – 21;

- Аксы районунда – 33;

- Ала-Бука районунда – 24;

- Базар-Коргон районунда – 40;

- Ноокен районунда – 60;

- Сузак районунда – 111;

- Тогуз-Торо районунда – 14;

- Токтогул районунда – 37;

- Чаткал районунда – 8.

Өрттөрдүн негизги себептери:

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 140 (34,1%);

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 35 (8,5%);

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 45 (11%);

- балдардын от менен ойноосунан – 68 (16,6%) өрт кырсыгы болду.

Пикир

Оставить комментарий