• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Ош, 31.08.20. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук аянтында бүгүн, 31-август күнү Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата концерттик программа болуп өттү.

Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгына арналган салтанатка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн облустагы өкүлү Байыш Юсупов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов жана башка бир катар чиновниктер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө коронавирустук инфекцияга каршы күрөштө өз салымын кошкон адамдарга Ардак грамоталар жана баалуу белектер ыйгарылды. Концерттик программа жергиликтүү телеканалдар аркылуу көрсөтүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий