• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ӨКМ Баткенде дайынсыз жоголгон 45 жаштагы аялды издөөдө

Аймак 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Баткен шаарында 23-ноябрда Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен шаардык милициясы аталган жаранды издөөгө көмөк көрсөтүү максатында жардам сурап ӨКМге кайрылышкан.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү максатында ӨКМден 16 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер, жергиликтүү бийликтен 30 адам жана туугандарынан 20 адам тартылды.

Пикир

Оставить комментарий