• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жакындарына таарынган. Ноокенде дайынсыз жоголгон өспүрүмдөр Бишкектен табылды

Аймак 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Жалал-Абаддын Ноокен районунда дайынсыз жоголгон 13 жаштагы кыздар Бишкектен табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-январда саат 12:45тер чамасында Ноокен районунда 6-класста окуган 13 жаштагы эки кыз “мектепке барабыз” деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Аталган окуя Ноокен милициясы тарабынан каттоого алынып, кыздарды издөө иштери башталган. Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз болуп жаткан кыздар Бишкек шаарынан табылган.

“Жакындарына болгон таарынычтан улам үйлөрүнөн кетип калганын айтышкан. Алар Ноокен районуна алып келинип, ата-энесине өткөрүлүп берилген. Дайынсыз болуп жаткан кыздарды Бишкекке алып кеткен айдоочу Ноокен райондук милициясына чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган окуяга байланыштуу милиция айдоочуларга жашы жете элек өспүрүмдөрдү чоң адамдардын коштоосу жок алыскы аймактарга ташыбоого чакырат. Жаш балдардын себепсиз көчөдө жүргөнүн көрсөңүз жана кандайдыр бир күмөндүү ойлор жаралса жакынкы милиция бөлүмдөрүнө кайрылуу керек.

Пикир

Оставить комментарий