• 87.86
  • 93.94
  • 1

Айтматовдун чыгармаларында кыргыз элинин фольклору өзгөчө орунду ээлейт — өзбекстандык "Манас" изилдөөчү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 12.12.22. /Тѳлѳнбай Курбанов – Кабар/. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында, жалпы дүйнө калкы, айрыкча кыргыз элинин фольклору өзгөчө орун ээлейт, деп айтты өзбекстандык “Манас” изилдөөчү, котормочу жана публициист “Ѳзбекстан – Кыргызстан” Достук коомунун төрагасы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Зухритдин Исамутдинов, улуу жазуучунун туулган кунунө арнап “Кабар” агенттигине кыргыз тилинде берген маегинде.

З. Исамутдиновдун баамында, эң улуу жазуучулардын жана акындардын чыгармаларында, жалпысынан алганда, элдик оозеки чыгармачылыкка чоң сүйүү жана урматтоо менен мамиле кылганы байкалат. “Өзбек адабиятынын тарыхында ушундай чыгармачыл инсан, атактуу шайыр Хамид Олимжон болгон. Отузунчу жылдардын оор мезгилинде акын элдик бакшыларды чогултууга, алардын чыгармачылыгынын үлгүлөрүн жазууга, колдоп-кубаттоого чоң маани берген”, - деп айтты субатташыбыз.

Өзбекстандык “Манас” изилдөөчүсүнүн айтымында, Чыңгыз Айтматов да бул багытта кыргыз элинин фольклоруна өзгөчө кылдаттык менен караган. Жазуучу менен менен Бакшы-акындын жакындыгынын эталону катары Саякбай Каралаев менен Чыңгыз Айтматовдун өзгөчө мамилеси тарыхта калды. Саякбай менен Чыңгыз кадимкидей эле ата менен бала ортосундагы мамиледе болушкан. Бул улуу манасчы каза болгондо, жазуучунун “Правда” гезитинде жарыяланган некрологунда “Он знал миллион строк из океаноподобного эпоса “Манас”” деп жазганы да улуу манасчыга болгон урмат-сыйын билдирет.

Бул эскерүүнүн өзү да кыргыз фольклорунун духунда болгон. Бул некролог менен Чыңгыз ага фольклор жанры болгон, кыргыз элинде көзү өткөндө кайгы-капа менен жоктогон этнографиялык жөрөлгөдөн адабий феноменге айланта алган.

Чыңгыз Айтматовду өзгөчө дүйнөдө теңи жок, аткаруу ыкмалары боюнча башка бардык түрк элдеринин эпикалык аткаруусунан айрымаланган «Манас» эпосу өзүнө тарткан. Андыктан, улуу жазуучу “Манас” эпосу кыргыз рухунун туу чокусу” деп мүнөздөгөн.

Айматовдун чыгармаларында элдик оозеки чыгармачылыктын руху абдан жогору. “Тоолор кулаганда” романында, байыркы кыргыз мифтеринде айтылып келген «түбөлүк келин” маани-маңызы боюнча “Манас” эпосундагы Сайкал кызга дал келет десек жаңылышпайбыз. Же «Ак кеме» аңгемесинде Бугу эне менен кыргыз элинин генеалогиясы жөнүндө элдик жомоктун мифологиялык чечмелениши берилген, ал өз кезегинде элинин байыркы маданияты рухунда тарбияланууга үгүттөйт.

“Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасы жалпы ааламдын руханий негизи болот. Бул улуу жазуучуну туулган күнүндө дагы бир жолу айкындалат” - деп З. Исамутдинов сөзүнүн соңуна чыкты.

Пикир

Оставить комментарий