Бишкек, 3-май /Кабар/. Куткаруучулар Аюу айылындагы жер көчкүнүн алдынан 2 кыздын сөөгүн табышты. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Ош облусунун Өзгөн районунда 2017-жылдын 3-май күнү саат 17:40та Зергер айыл аймагынын Аюу айылындагы жер көчкүдөн куткаруучулар 2 кыздын (2003-жылы туулган, жана 2007-жылы туулган) жансыз денелерин табышкан.
Жер көчкү алдында калгандарга жаназа окулганы менен издөө иштери уланууда.
Пикир
Оставить комментарий