• 88.68
  • 95
  • 0.95

Москвада "Кыргызстан" павильонунун салтанаттуу ачылышы өттү

Коом 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Кечээ, 23-февралда Москва шаарындагы "Москва" соода-жарманке комплексинде "Кыргызстан" павильонунун салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Иш-чарага Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов, "Москва" соода-жарманке комплексинин башкы директору К. Алесимова жана "Киев Аянтынын" ээлеринин бири катышты. Бул павильондо Кыргызстанда өндүрүлгөн ар кандай буюмдар, тамак-аш азыктары, текстиль жана кийим-кечелер көрсөтүлөт.

Маалымат үчүн: "Москва" соода-жарманке комплекси Москва шаарынын Люблино районунда жайгашкан жана Россиянын гана эмес, Чыгыш Европанын дагы дүң жана чекене ири соода борбору болуп саналат.

"Москва" соода-жарманке комплекси 2001-жылдан тартып иштеп келет.

Пикир

Оставить комментарий