• 87
  • 90.41
  • 0.84

Айыл чарба министри: өлкөнүн азык-түлүк рыногунда абал туруктуу

Коом 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын ички агро азык-түлүк рыногунда абал туруктуу. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков министрликтин 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.

Анын айтымына караганда, быйыл азык-түлүк коопсуздугу негизги социалдык маанидеги 5 азыктын түрү (сүт, эт, картошка, жашылча, кум шекер) менен камсыз болду.

"Калган азыктардын 4 түрү (ун, өсүмдүк майы, жумуртка, жемиштер) менен камсыздоо импорттук ташып келүүлөр менен камсыздалды", - деди министр.

Жаныбековдун маалыматында, жыйынтыгында республиканын ички агро азык-түлүк рыногунда туруктуу абал сакталды.

"Өзгөчө кырдаалдар, азык-түлүктөргө ажиотаждык керектөөлөр, тамак-аш азыктарынын бааларынын кескин өсүүсү жаралган жок", - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий