• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто мыкты энергетиктер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы мыкты энергетиктерди сыйлоо иш-чарасы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Эшмамбет Кармышаков, шаардык кеңештин депутаты Кушбак Шайиев, электр тармактагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Эшмамбет Кармышаков мэрдин атынан энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ардактуу кесип ээлерине мэриянын Ардак грамотасы, ыраазычылык баракчаларды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Ошондой эле өзгөчөлөнгөн кызматкерлер шаардык кеңештин сыйлыктары менен сыйланышты

Белгилей кетсек, иш-чара 22-декабрь - Энергетиктердин күнүнө карата өттү.

Пикир

Оставить комментарий