• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко Ош шаарына барат

Аймак 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко 12-декабрда Ош шаарына барат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу Султан Ибраимов атындагы драма театрында күйөрмандары менен жолугат. Жолугушуу жекшемби күнү саат 14:30дан 17:00гө чейин болот.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко учурда Кыргызстанда жүрөт.

Эскерте кетсек, Валентина Шевченко UFC уюмунун жеңил салмак категориясынын чемпиондук курун алты ирет коргоп калган.

Пикир

Оставить комментарий