• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖК Соцфонддун бюджети жөнүндө мыйзам долбоорлорун II жана III окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин 21-декабрындагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда каралды.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Бул багытта маалыматтар менен Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Толонов тааныштырды.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Сүйүнбек Өмүрзаков жарандардын пенсиянын топтомо бөлүгүн колдонуу боюнча эрежелерди тактады. Депутат Чолпон Султанбекова 2024-жылга пенсияны көтөрүү боюнча пландарды сурап, жыл жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен пенсионерлерге бир жолу кошумча каражат (сый акы) берүү маселесине көңүл бурду. Депутат Бактыбек Чойбеков каза болгон учурда пенсионердин сөөгүн коюуга берилүүчү жөлөк пулдун суммасын жана каражат кандай негизде берилерин тактады. Депутат Нилуфар Алимжанова 2024-жылы эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна берилген каражаттарды сурап: “Президент тарабынан буга мараторий киргизилген, бирок ага карабай 2024-жылы элдин акчасынан жолдонмолор үчүн каражат бөлүп жатасыздар. Бул эмнелерге коротулат, элге так маалымат берип койгула?”,- деди Н.Алимжанова. Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 2024-жылы чогулуучу 529 млн сом ден соолукту чыңдоо жайларын оңдоого багытталарын билдирди.

Депутат Миргүл Темирбаева Лейлек районунда карылар почта аркылуу пенсия акыларын алып жаткан маселесин көтөрүп, аларды банктык тейлөөгө өткөрүү сунушун айтты. Депутат Шайлообек Атазов социалдык фондго кесиптик кошуундарга деп чегерилүүчү каражаттардын кайсыл багытка колдонушулуна кызыкты.

Ага жооп берген министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов алдыдагы 5 жылда бул каражаттар пансионаттарды ондоого жумшаларын билдирди.

Депутат Алишер Козуев укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин пенсиясын көтөрүү маселесине көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий