• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Айыл чарба министрлиги экспорт бөлүмүн түзүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.06.19. /Кабар/. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги экспорт боюнча маселе жаралбашы үчүн, маселен былтыр картошка менен болгон көйгөйлөр кайталанбашы үчүн экспорт бөлүмүн түзүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында айыл чарба министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымы боюнча, бул бөлүм кыргыз продукцияларын жайылтуу жана байкоо жүргүзүү менен алектенет.

“Кызматкерлер ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймактарына, Кытайга, БАЭ, Түштүк Корея ж.б. жактарга барып турушат. Биз бул бөлүм министрдин орун басарынын көзөмөлүндө болот деп пландаштыруудабыз. Экспорт үчүн эң популярдуу азыктар катары бал, кургатылган мөмө-жемиштер, жашылчалар, жер-жемиштер жана башкаларды атоого болот”, - дейт Чодуев.

Пикир

Оставить комментарий