• 87
  • 90.41
  • 0.84

Айыл чарба министрлиги ишкерлерди Чүйдө тери иштетүүчү завод курууда кызматташууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Чүй облусунун Жаңы-Пахта айыл аймагында тери иштетүүчү завод жана бут кийим чыгаруучу фабрика курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, заводду куруунун негизги максаты тери, жүн ишканаларын өндүрүштүк зонага чакыруу жана экологияга, калктын саламаттыгына кам көрүү үчүн ишканалардан чыккан саркынды сууларды өзүнчө канал аркылуу кайра иштетүү.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө министрликте ишкерлер менен жолугушуулар жүрүп, заводдун курулушу боюнча пикир алмашуу иштери башталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кызыккан ишкерлерди ири жана чакан ишканаларды куруу боюнча кызматташууга чакырат.

Байланыш үчүн номерлер: 0704 184184, 0555 508220.

Пикир

Оставить комментарий