• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Айыл чарба министрлиги: Кыргызстанда эттин баасы салыштырмалуу туруктуу

Экономика 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги соңку кездери эл арасында эттин баасы кескин көтөрүлүп жатканы тууралуу ар кандай маалыматтар тарап жатканына байланыштуу өлкө боюнча мониторинг жүргүздү.

Ошентип, 3-сентябрына карата жүргүзүлгөн мониторингке ылайык эт азыктарынын чекене баалары:

  • Чүй облусунда уйдун эти - 523 сом, кой эти - 555 сом, жылкы эти - 520 сом, тоок эти - 300 сом;
  • Ош облусунда 1 кг уй этинин чекене баасы – 526 сом, кой эти - 586 сом, жылкы эти - 528 сом, тоок эти - 326 сомду түзгөн.
  • Баткен облусунда уй тинин баасы - 558 сом, кой эти - 613 сом, жылкы эти - 500 сом, тоок эти - 326 сом.
  • Ысык-Көл облусунда уйдун эти - 523 сом, кой эти - 555 сом, жылкы эти - 520 сом, тоок эти 300 сом.
  • Нарын облусунда уйдун эти - 515 сом, кой эти - 530 сом, жылкы эти - 501 сом, тоок эти - 310 сом.
  • Жалал-Абад облусунда уйдун эти - 519 сом, кой эти - 544 сом, жылкы эти - 501 сом, тоок эти - 288 сом.
  • Талас облусунда уйдун эти - 480 сом, кой эти - 543 сом, жылкы эти - 480 сом, тоок эти - 333 сомду түздү.

Ошондой эле республика боюнча эт азыктарынын орточо баасы базарларда уй эти - 524 сом, кой эти - 560 сом, жылкы эти - 511 сом, тоок эти 300 - сомду түзүүдө.

Эскерте кетсек, азырынча малдын тоютуна, этти өндүрүүгө же ташууга кеткен чыгымдарга баанын олуттуу жогорулашын далилдей турган олуттуу өсүш жок. Туруктуу рыноктук кырдаалда жана жеткирүүнүн нормалдуу шарттарында баалардын кескин жогорулашы негизсиз көрүнөт.

Министрлик элдин тынчсыздануусун түшүнөт жана бул кырдаалга байланыштуу айрым жагдайларды тактоону сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий