Кыргызстанга Эл аралык валюта фондунун миссиясы келди

Экономика 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9-22-ноябрь күндөрү Николоз Гигинеишвили башында турган Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясы келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынан кабарлашты.

ЭВФ миссиясы ЭВФ Макулдашуусунун IV статьясына ылайык жылдык консультациялардын алкагында өттү. Миссиянын жүрүшүндө Кыргызстандын министрлер кабинетинин, КР Улуттук банкынын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар болду.

Күн мурун Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев ЭВФ командасы менен жыйынтыктоочу жолугушуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө тараптар өлкөдөгү макроэкономикалык абал, анын ичинде, инфляция динамикасы жана тышкы сектор, ошондой эле тиешелүү саясат чаралары боюнча маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий