Кыргызстанда мамлекеттик банктардын уставдык капиталы $100 млн ашты

Экономика 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. "Биз мамлекеттик банктарды күчтөдүк жана алардын уставдык капиталын 100 млн АКШ долларынан ашырдык", деп билдирди Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Анын айтымына караганда, "РСК Банктын" уставдык капиталы 2020-жылы 2,3 млрд сом болчу, азыр 9,4 млрд сомго жетип, 4 эсеге көбөйдү. "Айыл банктын" уставдык капиталы 2020-жылы 3,5 млрд сом болсо, азыр 12,4 млрд сомго жетти, же 3,5 эсеге көбөйдү. Экөө тең өлкөдөгү эң ири банктардын катарына кирди.

"Бул иштер мамлекеттик программаларды ишке ашырууга жакшы түрткү болууда. Тышкы дипломатиялык карым-катнашта президенттин натыйжалуу саясатынын аркасында тышкы сооданын көлөмү 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 10,8 млрд долларды түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 26,2%га өсүш болду", - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий