Министрлер кабинетинин башчысы: Бажы кызматы биринчи жолу 100 млрд чекти өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Бажы кызматы биринчи жолу 100 миллиарддык чекти өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин кароо алкагында билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2023-жылы Бажы кызматы бажы төлөмдөрү боюнча пландын аткарылышын 117,4 млрд сомго камсыз кылган, бул бекитилген көрсөткүчтөн 22,7 млрд сомго көп. 2024-жылга Салык кызматы 230 млрд сом өлчөмүндө план белгилейт, бул 2023-жылга каралган пландан 49 млрд сомго көп.

Ал ошондой эле фискалдык саясат санариптештирүү боюнча реалдуу прогресске жетишкенин, атап айтканда салык кызматтары чөйрөсүндө ЭСФ, ККМ, ЭТТН ж.б. киргизилип, колдонулуп жатканын кошумчалады.

"Көмүскө экономиканын көлөмүнүн олуттуу кыскарышына жана өлкөнүн бюджетине түшүүлөрдүн бир топ өсүшүнө таасирин тийгизүүчү инструменттер натыйжасын бере баштады. Бажы кызматы жаатында чектешкен мамлекеттер менен салмактык жана нарктын теңдешүүгө жетүү үчүн маалыматтык өз ара аракеттенүү системасы активдешүүдө. Көзөмөл-өткөрүү пункттарында акылдуу камералар, радиациялык рентген, салмак көзөмөлдөрү иштеп жатат. Навигациялык пломбалар аркылуу товарларга, транспорттук каражаттарга байкоо жүргүзүлөт", - деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий