• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Айыл чарба министрлиги жазгы талаа иштери жана керектүү үрөндү даярдоо боюнча маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги 2023-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында өткөрүү максатында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түзүмү жана ага карата болжолдуу керектүү көлөмдөгү айыл чарба үрөндөрүн даярдоо боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, республика боюнча буудай жана арпанын жалпы себүү аянты 490 миң 400 га, анын ичинен буудай 250 миң га, арпа 240 миң 400 га. Дан эгиндеринин керектелүүчү көлөмү 66 миң 450,2 тонна жана камсыздалышы 89,6%. Республиканын үрөнчүлүк чарбаларында 9 миң 173 тонна жана чарбалык субъекттерде 50 миң 347 тонна бар. Анын ичинен:

- кант кызылчасынын жалпы себүү аянты 14 миң 500 га, керектелүүчү үрөнү 43,5 тонна, камсыздалышы 58 % түзүүдө;

- май өсүмдүктөрүнүн себүү аянты 16 миң 852 га, керектелүүчү үрөн 1430,6 тонна камсыздалышы 99,5%;

- көп жылдык чөп өсүмдүктөрдүн себүү аянты 31 миң 041 га,керектелүүчү үрөн 1911,3га, камсыздалышы 50%;

- картошканын жалпы себүү аянты 80 миң 208 га, керектелүүчү үрөн 218 миң 259,5 тонна, жана камсыздалышы 97,8%;

- дан буурчактардын себүү аянты 55 миң 876 га, керектелүүчү үрөн 4 миң 472,3 тонна, жана камсыздалышы 99,8%;

- жүгөрүнүн себүү аянты109 миң 537 га, керектелүүчү үрөн 2 9 миң 659,9 тонна, күтүлүүчү үрөн 2 миң 340,3 тонна камсыздалышы 88%.

Пикир

Оставить комментарий