Базар-Коргондо түзөтүү мекемесинин жаңы имаратынын курулушу башталды

Коом 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Кечээ, 29-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы №10 жалпы режимдеги түзөтүү абагы үчүн Базар-Коргон районунда жаңы мекеменин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Капсула салуу аземине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.

Абакка берилген жер Базар-Коргон районунун Бешик-Жоон айыл аймагынын Бай-Мундуз айылындагы Сары-Талаа участкасында жайгашып, Жалал-Абад шаарынан 25-30 чакырым, район борборунан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан. Мындагы аянттын ичине комплекстүү курулуш камтылат. Бул объект курулуш чөйрөсүндөгү заманбап талаптарга ылайыктуу болуп бүткөрүлөт.

Бул күнү Сузак районунун Арал айылында №53 тергөө изоляторунун жаңы имаратынын курулушуна да капсула салынды. Тергөө изоляторунда иши сотто жана тергөөдө болгон жарандар убактылуу кармалат.

Бул аракет президент Садыр Жапаровдун шаар инфраструктурасын жакшыртуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жазаларды аткаруу кызматынын өздүк курамынын ичинде кызматтык тартипти чыңдоо, кесиптик даярдык деңгээлин жогорулатуу максатында ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий