• 85.5
  • 93.05
  • 0.87

Айыл чарба министрлигинде немец компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 16.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкекте Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызматкерлери Германиянын "Textima" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар кыргыз ишкерлерине жүндү жана пластик калдыктарын кайра иштетүү үчүн керектүү жабдык, шаймандарды алуудагы жеңилдиктерди берүү менен туура пландаштыруу иштери тууралуу сүйлөшүштү.

Маалымат үчүн: "Тextima" компаниясы текстиль өнөр жайы, пластмассаларды кайра иштетүү, резина технологиясы жана фармацевтика жаатындагы белгилүү жана алдыңкы машина жана завод өндүрүүчүлөрдүн дүйнөлүк аренада алдынкыларынын бири.

Пикир

Оставить комментарий