• 87
  • 90.41
  • 0.84

Айыл чарба министрлигинде уяң жүндүү кой чарбасын өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды

Коом 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев кой чарбасы тармагындагы изилдөөлөр менен алектенген "Кыргызжүн" илимий институттардын өкүлдөрү жана уяң жүндүү койлорду кайра иштетүүчүлөр менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда меринос тукумун жакшыртууга жана уяң жүндүү кой чарбасынын ички жана эл аралык рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган конкреттүү чараларды иштеп чыгуу жагы каралды.

Жүндү кайра иштетүүчү ишканасын уюштуруу жана Кыргыз тоо мериносунун базасында эт багытындагы меринос түзүү, калктан жүн сатып алуу үчүн өкмөттөн финансылык каражат бөлүүгө жетишүү жана уяң жүндү Кытайга экспорттоого 100 сомдон сунуштоо каралды.

Ошондой эле эки тараптуу жолугушуу учурунда пайда болгон көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечүү жана уяң жүндүү кой чарбасын өнүктүрүү максатында уяң жүндүү кой чарбасын өнүктүрүүнүн жакынкы келечектүү программасын иштеп чыгуу, анда ички жана эл аралык рыноктордо уяң жүндүү кой чарбасынын продукттуулук сапаттарын жакшыртууга жана анын продукциясынын (жүнүнүн) атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган маселелерди чечүү. Аны менен бирге өндүргүч кочкорлорду импорттоп алып келүү. Импорттолгон өндүргүч кочкорлорду ветеринардык кызматтын реестрине ветеринардык процедуралардан өткөндөн кийин киргизүү боюнча чечимдер кабыл алынды.

КР Айыл чарба министрлиги өзүнүн компетенциясынын чегинде уяң кой чарбасын өнүктүрүү маселелери боюнча “Кыргызжүн” ассоциациясына дайыма көмөк көрсөтөөрү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий