• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

22 ооруканага баланын угуусунун начарлашын эрте аныктаган жабдуулар берилди

Коом 0

Бишкек, 25.09.23./Кабар/. Кыргызстанда 22 ооруканага ымыркайдын жана балдардын угуусунун начарлашын эрте аныктаган жабдуулар тапшырылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жабдуулар төмөнкү бейтапканаларга берилди:

- Сузак ЖДПБ – 2;
- Сузак төрөт үйү – 1;
- Жалал-Абад облустук төрөт үйү – 1;
- Жалал-Абад ЖДПБ – 2;
- Ноокат ЖДПБ "Барын" – 1;
- Ноокат ЖДПБ "Медигос" – 1;
- Ноокат төрөт үйү – 1;
- ООБКО – 1;
- Ош шаардык төрөт үйү – 1;
- Ош ҮМБ – 2;
- Бишкек ҮМБ – 4;
- Каракол ЫОБО – 1;
- Чолпон-Ата төрөт үйү, ЖДПБ – 2;
- ЭжБКУБ – 2.

Мындан тышкары, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жана Ош облустар аралык балдар ооруканасы комплекстүү диагностика жүргүзүүчү жабдуу алышты.

"Буга чейин 150дөн ашык медицина кызматкерлери жабдууларды туура жана натыйжалуу пайдалануу үчүн окуудан өткөн. Эми өлкөнүн түштүгүндөгү ата-энелер Бишкекке эмес, Ошко келип балдарынын угуу боюнча көйгөйлөрдү аныктай алышат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жабдуулардын жалпы баасы 8,6 млн сомду (99 миң АКШ долларын) түздү.

Пикир

Оставить комментарий