• 87
  • 90.41
  • 0.84

Айыл чарба министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдү коргоо жана карантиндөө бөлүмүнүн башчысы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Айыл чарба азыктарын экспорттоо багытында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо иштери улантылууда, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Мурда маалымдалгандай, КР УКМК тарабынан мамлекеттин айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуунун жол-жоболоруна анализ жүргүзүлүп, анын натыйжасында айыл чарба азыктарын сыртка тоскоолдуксуз экспорттоодо жасалма тоскоолдуктарды жараткан өз ара бири-бири менен сүйлөшүп алган кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталган.

Мындай иш-аракеттердин жыйынтыгында, айыл чарба өндүрүүчүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнө азыктардын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушкан.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдү коргоо жана карантиндөө бөлүмүнүн башчысы “Ж.Н.Н.” кармалды. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын райондук соту кармалган адамга тергөө мөөнөтүнө карата баш коргоо чарасын карайт.

УКМК бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ишин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий