• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

"Айыл чарбасын каржылоо – 10": Бүгүнкү күнгө карата 4,2 млрд сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 22.08.22 /Кабар/. Айыл чарба министрлиги "Айыл чарбасын каржылоо – 10" долбоору боюнча 22-августка карата берилген насыялар боюнча кыскача маалымат берди.

Ага ылайык, аталган долбоор боюнча жалпы 4 млрд 295 млн 914 миң сомго 7 миң 862 насыя берилген.

1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 1 млрд 126 млн 92 миң сомго 2 миң 773 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 532352,0 миң сомго 1140 насыя;

– “РСК Банк” ААК 470300,0 миң сомго 1196 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 75000,0 миң сомго 206 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 14380,0 миң сомго 74 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 34060,0 миң сомго 157 насыя.

2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2 млрд 367 млн 11 миң сомго 4 миң 821 насыя берилди, анын иченен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 1140000,0 миң сомго 1976 насыя;

– “РСК Банк” ААК 969868,0 миң сомго 2120 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 150000,0 миң сомго 297 насыя;

– “Кыргызкоммерцбанк” ААК 14700,0 миң сомго 5 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 35300,0 миң сомго 194 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 57143,0 миң сомго 229 насыя.

3. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча жалпы 802 млн 811 миң сомго 267 насыя берилди анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 413410,0 миң сомго 139 насыя;

– “РСК Банк” ААК 268856,0 миң сомго 93 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 65000,0 миң сомго 16 насыя;

– “Кыргызкоммерцбанк” ААК 6000,0 миң сомго 1 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 9000,0 миң сомго 6 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 40545,0 миң сомго 12 насыя.

Пикир

Оставить комментарий