• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Улуттук банкта «маркетплейс» финансылык платформасынын операторун түзүү талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. КР Улуттук банкында «Кыргызстан банктарынын союзу» ЮЖБнын жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен тегерек стол болуп өттү.

Улуттук банктын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чарада Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын жана Кыргыз Республикасында санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү боюнча 2020-2022-жылдарга каралган концепциясын аткаруу максатында, «маркетплейс» финансылык платформасын ишке ашыруу долбоору талкууланды.

Тегерек столдун жүрүшүндө «Кыргызстан банктарынын союзу» ЮЖБ тарабынан «Fin Market» («маркетплейс») финансылык платформасынын презентациясы сунушталып, «маркетплейс» финансылык платформасынын операторун түзүү, ачык программалык интерфейстерди (API) колдонуу, катышуучулар жана колдонуучулар менен өз ара иш алып баруу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий