Жыл башынан бери кыргызстандыктар 2,9 млрд сом мүлк салыгын төлөштү

Экономика 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери 2 млрд 925,1 млн сом мүлк салыгын чогултту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, белгиленген план 310,4 млн сомго ашыкча аткарылган.

Аталган сумманын 1,1 млрд сомун кыймылсыз мүлк салыгы (турак үйлөр жана батирлер), 948,2 млн сомун үй жанындагы жер участокторуна салык жана 871,5 млн сомун транспорт каражаттарына салык түзөт.

Эскерте кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак үйлөргө, батирлерге, ошондой эле үй жанындагы, короо жай жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктады.

Салык төлөө мөөнөтү быйыл 1-сентябрда аяктаганына карабастан, бул салыктарды башкаруу уланууда.

Мыйзамга ылайык, салыкты белгиленген мөөнөттө төлөй албаган мүлк ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, административдик айып пул жана өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат. Жеке жактар үчүн айып пулдун өлчөмү 1000 сом, юридикалык жактар үчүн 5000 сом. Туум күн сайын салыктын суммасынан 0,09% өлчөмүндө эсептелет.

Салык кызматы өз убагында салык төлөбөгөн жарандарды туумдун эсептелишинен качуу үчүн азыр төлөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий