• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Бажы кызматынын төрагасы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бажы кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, институционалдык өнүктүрүү маселелерин активдештирүү жана эл аралык эксперттерди, анын ичинде Дүйнөлүк бажы уюмунун өкүлдөрүн тартуу менен эл аралык, аймактык тренингдерди жана семинарларды өткөрүү боюнча эки тараптуу кызматташуу жана өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын чек ара кызматташтыгы жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жаатындагы потенциалын жогорулатуу” бюджеттик долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жана 2024-жылга милдеттер каралды.

Андан кийин Мамлекеттик бажы кызматы менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин 2024-жылга өз ара аракеттенүү планына кол коюу өттү.

Жыйындын жыйынтыгында регионалдык бажы органдарынын ишмердүүлүгү үчүн 2 бирдик көлөмүндө көп функционалдуу аппараттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий