Бишкекте ар кыл тармактын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктары тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев билим берүү, саламаттык сактоо, энергетика, күч түзүмдөрүнүн, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө жана ардагерлерге өтөгөн эмгеги үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамотаралын жана «КР Жогорку Кеңешине 85 жыл» юбилейлик медалдарды тапшырды.

Куттуктоо сөзүндө төраганын орун басары сыйлык ээлерине өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы, жигердүү коомдук ишмердиги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздер менен биздин жасаган ишибиз, максатыбыз бир. Өзгөчө күнү-түнү иштеген тартип сакчыларынын эмгегин баса белгилеп кетким келет. Калкка кызмат кылып, элге жардам берели деп иштеп келе жатасыздар. Сыйлыгыңыздар кут болсун! Сиздерге ден соолук, амандык каалайм», - деди Нурбек Сыдыгалиев.

Пикир

Оставить комментарий