• 87.86
  • 93.94
  • 1

"Айыл чарбасын каржылоо – 10": Дээрлик 3 млрд сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 11.06.22. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги "Айыл чарбасын каржылоо – 10" долбоору боюнча 2022-жылдын 30-апрелине карата берилген насыялар боюнча кыскача маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 893 млн 630 миң сомго 2 161 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 406 млн 735 миң сомго 913 насыя;

– “РСК Банк” ААК 418 млн сомго 1 063 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 68 млн 895 миң сомго 185 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 1 млрд 806 млн 762 миң сомго 3 554 насыя берилди, анын иченен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 800 млн 145 миң сомго 1 398 насыя;

– “РСК Банк” ААК 860 млн 182 миң сомго 1 864 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 146 млн 435 миң сомго 292 насыя.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча жалпы 240 млн 500 миң сомго 102 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 111 млн 540 миң сомго 59 насыя;

– “РСК Банк” ААК 90 млн 760 миң сомго 32 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 38 млн 200 миң сомго 11 насыя.

Белгиленгендей, бардыгы болуп 3 категория боюнча 2 млрд 940 млн 892 миң сомго 5 817 насыя берилди.

Пикир

Оставить комментарий