• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда он күндөн бери коронавирустун жаңы учуру каттала элек

COVID - 19 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда 11-майга карата лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин жаңы учурлары жана сакайгандар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, республика боюнча амбулатордук дарыланууда төрт киши бар.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-майдан бери коронавирустун жаңы учуру каттала элек.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 993 адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 196 миң 406 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий