"Айыл чарбасын каржылоо – 11" долбоорунун алкагында дээрлик 3,1 млрд сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 04.07.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. 30-июнга карата "Айыл чарбасын каржылоо -11" долбоору боюнча 3 млрд 96 млн 628 миң сомго 6 миң 886 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен:

  • Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 789 млн 161 миң сомго 1 миң 886 насыя берилди, анын ичинен “Айыл Банк” ААК 461 млн 1 миң сомго 1 миң 68 насыя, “РСК Банк” ААК 328 млн 160 миң сомго 818 насыя берген.
  • Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2 млрд 307 млн 467 миң сомго 5 миң насыя берилди, анын ичинен “Айыл Банк” ААК 1 млрд 90 млн 863 сомго 2 миң 309 насыя, “РСК Банк” ААК 1 млрд 216 млн 604 миң сомго 2 миң 691 насыя берген.

Пикир

Оставить комментарий