• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Макаодо Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын биринчи өкүлчүлүгү ачылды

Экономика 0

Бишкек, 08.11.23./Кабар/. Кытайдын Макао шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) биринчи өкүлчүлүгү ачылды. Аны Мээрим Кожокматова жетектейт.

КР СӨПтөн кабарлашкандай, ал өз ишмердүүлүгүнүн алкагында Гуанжоунун башкы консулу Хомени Эргешов, Макао мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы жана Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын мүчөсү Коу Хои Ин менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода, экономика жана туризм тармагындагы кызматташтык талкууланды.

Мээрим Кожокматова ошондой эле Макаого бара жаткан Кыргызстандын жарандары үчүн визасыз режим орнотуу демилгесин сунуштады. Кытай тарап бул сунуш жакын арада каралат деп ишендирди.

Мындан тышкары, КР Соода-өнөр жай палатасынын макаодогу өкүлү инвестициялык форумда сөз сүйлөп, анда Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын ишмердүүлүгү жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий