• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ташкентке келди

Президент 0


Бишкек, 08.11.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) келди.

Мамлекет башчынын борту Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында мамлекет башчысы Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитинин ишине катышат.

Пикир

Оставить комментарий