• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербургга учуп келди

Президент 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-декабрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына (Россия) учуп келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент аталган Кеңештин чакан жана кеңири курамдагы жыйындарына катышат.

Мындан тышкары, Жээнбеков КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат

Пикир

Оставить комментарий