• 87
  • 90.63
  • 0.79

"Айыл чарбасын каржылоо" долбоору боюнча 12 миң дыйканга насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. "Айыл чарбасын каржылоо - 12" долбоору боюнча 27-декабрга карата 12 миң 83 дыйкан-фермерге 4 млрд 850 млн 809 миң сом жеңилдетилген насыя берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 481 млн 720 миң сомго 1 444 насыя берилди. Банктар боюнча алганда:

  • "Айыл Банк" ААК – 238 040 миң сомго 724 насыя;
  • "Элдик Банк" ААК – 243 680 миң сомго 720 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 4 млрд 369 млн 89 миң сомго 10 миң 966 насыя берилди. Анын иченен банктар боюнча алганда:

  • "Айыл Банк" ААК – 2 млрд 113 млн 369 миң сомго 5 210 насыя;
  • "Элдик Банк" ААК – 2 млрд 255 млн 720 миң сомго 5 171 насыя.

Пикир

Оставить комментарий