"Айыл чарбасын каржылоо - 11": 1,9 млрд сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 13.05.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11-майына карата "Айыл чарбасын каржылоо - 11" долбоорунун алкагында 4 371 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 1,9 млрд сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, КР министрлер кабинетинин тескемеси менен быйылкы жылга “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоорун ишке ашырууга 3,3 млрд сом бекитилген.

Аталган долбоор боюнча насыялар "РСК Банк" жана "Айыл Банктары" аркылуу берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий