• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

"Айыл чарбасын каржылоо": Дыйкан-фермерлерге 10 миңге жакын насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. 29-августка карата "Айыл чарбасын каржылоо -12" долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 10 миңге жакын жеңилдетилген насыя берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 420 млн 305 миң сомго 1 миң 293 насыя берилди. Банктар боюнча алганда:

  • "Айыл Банк" ААК – 209 млн 820 миң сомго 656 насыя;
  • "Элдик Банк" ААК – 210 млн 485 миң сомго 637 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 3 млрд 331 млн сомго 8 миң 206 насыя берилди. Анын иченен банктар боюнча алганда:

  • "Айыл Банк" ААК – 1 млрд 665 млн 864 миң сомго 4 миң 161 насыя;
  • "Элдик Банк" ААК – 1 млрд 665 млн 210 миң сомго 4 миң 45 насыя.

Ошентип, жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 3 млрд 751 млн 380 миң сомго 9 миң 499 насыя берилди.

Пикир

Оставить комментарий