• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Айыл чарбасындагы жаңы техникалар өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизет

Аналитика 0

Бүгүн өлкөбүздө дагы бир жакшы жаңылык орун алды. Дегеним, айыл чарба тармагында буга чейин муктаждык жаратып келген, дүйнөлүк стандарттарга жооп бере турган 1 млрд сомго сатылып алынган 112 атайын техника Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жана наркы 83 млн сомдук 48 кызматтык автоунаа райондордун агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына тапшырылды.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, Ала-Тоо аянтына тизилген жаңы техникаларды жеринен көрүп чыкты. Өлкө башчы өз сөзүндө кийинки жылы суу ресурстары кызматына 400дөн кем эмес атайын техника алынарын айтып, бүгүнкү техникалар айыл жериндеги дыйкан-фермелерибизге өз убагында суу жеткирүүгө, райондук айыл чарба башкармалыктарынын жетекчилеринин ыкчам иш алып баруусуна өбөлгө түзөрүн айтты.

Кыргызстандын региондорундагы элдин басымдуу бөлүгү мал багуу жана дыйканчылык менен алектенет. Өлкөбүздүн экономикасын өстүрүүгө чоң салымын кошуп, бир жак бурчун көтөрүп кете турган бул айыл чарба тармагы деп айтсак болот. Дыйкандарыбызга шарт түзүп, сапаттуу өндүрүш чыгарсак, аны экспортко чыгарууда коңшу өлкөлөргө сөзүбүз чоң болуп, өз продукциябызды ишенимдүү сата аларыбыз турган кеп. Жаратылышы кооз, климаттык шарты сонун күнөстүү Кыргызстаныбызда айыл чарба тармагы маанилүү ролду ойнойт. Дан эгиндери, жашылча-жемиштин түрү өстүрүлүп, дыйканчылык жана мал чарбачылыгы жакшы өнүккөн. Тилекке каршы, дыйкандар менен фермерлерге мамлекет мурда жеткиликтүү шарт түзүп бере алган эмес.

Кыргызстандын бюджети толуп, экономика ирденип, бардык министрликтерге жаңы техниларды күн ара сатып алган заман да келди өңдөнөт. Кыргыз мамлекети эгемендик алгандан кийин, 15-20 жыл мурда жасап сала турган иштерди, эгемендиктин 30 жылында алынбаган миңдеген техникаларды Садыр Жапаров башында турган азыркы бийлик жасап жатканы журт ичинде айтылып жатканы да жөн жерден эместир.

Жыл өткөн сайын дүйнө жүзүндө, аны менен бирге биздин өлкөдө климаттык өзгөрүүлөр болуп жатканы маалым. Негизи сел апааттары мурунку бийликтердин учурунда деле катталып келген. Анын кесепетинен жыл сайын ондогон жарандарыбыз өз өмүрлөрү менен кош айтышкан учурлар болгон. Бирок ал кезде "Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" болуп жаңы техникаларды алмак тургай, ойлонуп деле койгон жан болгон эмес. Эптеп мөөнөтүм өтсө болду деп отуруп, өз чөнтөктөрүн кампайтып, басып кетишкендери жалпы журтка маалым.

Бийлик алмашып, Садыр Жапаров баштаган команда ишке киришкени "эптеп күн өтсө болду" деген эски стереотиптерди сындырып, жаңы нукта иш баштады. ӨКМ, жол, энергетика, саламаттык сактоо тармагы жана аскердик техникаларды четинен жаңылоого киришти. Мына ошол "жаңылануунун" алкагында бүгүн айыл чарба тармагынын техникалык базасы жаңыртылып отурат.

Жогоруда айткандай дүйнө жүзүн каптаган климаттык өзгөрүүлөр, тактап айтканда, күтүүсүз келген жаратылыш кырсыктары Кыргызстанда кайрадан кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мындай шартта кол куушуруп отургандан пайда жок. Замандын агымына жараша иш алып барууга өтүүбүз абзел эле. Бүгүн биздин мамлекет "бюджетте акча жок" деп отурган эски адатынан арылды деп айтууга толук негиз бар. Казынаны толтуруу менен гана алек болбостон, андагы каражатты максаттуу иштетип, керектүү тармаккка, зарыл техникаларды сатып алууда. Бул албетте бүгүнкү бийликтин чоң жетишкендиги.

Буга чейин Кыргызстанда айыл чарба техникалары 33 пайыз жетишсиз эле. Тактап айтканда, Кыргызстанда жалпы 21627 даана трактор, 1960 даана дан комбайны, 10786 соко, 3124 даана үрөн сепкич, 4185 чөп чапкыч, 3017 прессподборщик, 2880 тырмоо, 740 даана үрөн тазалагыч, 9364 трактор чиркегичи, 14445 мала, 3848 даана культиватор, 670 жер семирткичти чачкыч, 74 даана кызылча комбайны, 127 жүгөрү комбайны, 4 даана пахта жыйноочу комбайны, 780 даана картошка жыйноочу машиналар бар эле. Ушул жерден маани бере турган жагдай, арык казгычтар – 367 гана даана болчу. Эми элестеткиле, жалпы республикага 400го жетпеген арык казгыч техникасы. Алар дагы эски эле. Албетте, эски техника эскилигин кылып, бузула берет. "Эскини оңдогуча эсиң оойт" деген кыргызда жакшы кеп бар. Анын сыңары айыл чарбада колдоно турган атайын техникаларга болгон муктаждык күн санап өсүп бараткан кезде, жаңыланганыбыз абдан жакшы болду.

Үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде орун алган жаратылыш кырсыгында тилекке каршы адам өмүрүнө зыян келген учурлар катталды. Сел апааттары жүргөн аймактарда суу топтомолору, каналдар, арыктар өз убагында жана тийиштүү деңгээлде казылып-тазаланбаганы далилденди. Себеби эмнеде? Айыл чарба тармагындагы атайын техникаларыбыз советтер кезинен калган. Эскилиги жетип, тетиктери сынып өз функциясын толук аткаруу мезгили эчак эле бүткөн. Тиешелүү кызматтар айласыздан колуна кетмен-күрөк алып, эски техниканы иштетимиш этип үстүртөн тазалап коюп отурган. Жыйынтыгында мекенибизге келген жаратылыш апааттарын коркунучсуз өткөрө алабыз, даярдык жакшы деп ишенимдүү айтуу кыйын эле. Көпчүлүк учурда өрттөн кийин келген өрт өчүрүүчүдөй, кырсыктан кийин анын кесепетин жоюп, ӨКМдин жаңы техникалары абийирибизди жаап атты.

Айыл чарбанын атайын техникалары бизге эмне кылып берет?

Биз эми жаңы атайын техникалдардын жардамы менен суу каналдарын казып, арыктарды тазалап, экологиябызга кам көрө алабыз. Мындай учурда сел келсе эмне болот деген коркунуч жоголот. Себеби топтолгон саркындылары суу соптомолоруна тоскоолдуксуз агып кетет. Ошондой эле кыш эрте келип кар жаап коет деп коркпой, түшүмдү эрте жыйнап, жазында үрөн себүү иштеринен кечикпейбиз.

Айыл чарба тармагында атайын техникаларды көбөйтүү, өлкөнүн өнүгүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет деп эсептейт Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев. Анын айтымында, атайын техникалар Россия, Өзбекстан же Европа өлкөлөрүнөн алынабы же башка өлкөдөнбү айырмасы жок. Башкысы мамлекет аларды республикалык бюджеттен сатып алып жатат. Буга чейин бюджетте дайыма дефицит болуп келгендиктен, мамлекет өз каражатына техника сатып ала алган эмес. Долбоорлор аркылуу гана анча-мынча техникалар алынып келгени болбосо, мамлекет өз күчү менен бүгүнкүдөй массалык көп түрдө сатып ала элек болчу.

"Айыл чарбага атайын техникаларды алуу менен биз сапаттуу өндүрүштү камсыздай алабыз. Жашылча-жемиш, дан жана башка өсүмдүктөрдүн жаңы сортун алып келип өстүрүүгө шарт түзүлөт. Муну менен Кыргызстан соода-сатык жаатында өзүн жаңы нукта көрсөтө алат. Аны менен бирге кошумча жумуш орундары түзүлөт", - деди ал.

"Бүгүн аянтка тизилген атайын техникаларды көрүп чынында абдан сүйүндүм. Бул жалпы элдин келечеги үчүн алынып жаткан техника. Кыргызстандын өнүгүүсүнө жол ачат. Жол жабылып ыңгайсыздык жаратууда дегендерге түшүнбөйм. Жайы менен жолдор ремонт болуп жабык турганда деле чыдап жүрдүк. Кыргызстандын келечегине чоң пайда алып келе турган техникалар келип, жер жерлерге таратылгыча аз убакыт жөн эле чыдап койсок", - деп кошумчалады Аалиев.

Өнүгөм деген өлкө талап гана кыла бербей, алгач жарандарына шарт түзүп берүүсү керек дегендей, бүгүн айыл чарба багытында мамлекет элге уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө.

Материалды даярдаган Диана Айдарова, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий