• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Айылдардагы китепканаларды заман талабына ылайыкташтыруу иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги айылдык китепканаларды заман талабына ылайыкташтыруу иштерин баштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай кадам аймактагы китепканалардын ишин натыйжалуу өнүктүрүүгө багытталып, агартуу уясынын көп тармактуу иш алып баруусуна негизделет.

"Ишти комплекстүү өнүктүрүүнүн алгачкы аракети катары министрлик тарабынан атайын түзүлгөн жумушчу топ Чүй облусундагы айылдык жана мектеп китепканаларына мониторинг жүргүзүп, китепканалардын бүгүнкү абалы, китеп фонду, тейлөө сапаты жана окурмандардын келүүсү тууралуу маалымат топтоду", - деп айтылат маалыматта.

Мониторингдин жыйынтыгында айылда жайгашкан китепканалардын бирин-бири кайталаган функцияларын ирээттеештирүү, айылдык китепканалар менен мектеп китепканасын оптималдаштыруу аркылуу заман талабына ылайык коомчулук көп барган, агартуу иштерине өбөлгө түзө турган комплекстүү иш жүргүзүү пландалууда.

Келечекте бардык облустардын айылдарындагы китепканаларга мониторинг жүргүзүү пландалууда. Мындай аракет алдыда боло турган администрациялык-аймактык түзүлүштүн ишин алдыга жылдырууга негизделип, натыйжалуу иш башкаруу максатын көздөйт.

"Бүгүнкү күндө өлкөдө жергиликтүү бюджеттен каржылынган 932 айылдык китепкана бар. Көпчүлүгүнүн имараттарынин эскилиги жетип, китеп фонду толукталбай, китеп сактоо жана иш алып баруу иши талапка жооп бербейт. Аталган көйгөйлөрдү жоюу үчүн китепкана ишинин натыйжалуулугун арттыруу мезгил талабы болууда.

Пикир

Оставить комментарий