• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Эртең Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат – Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 17.06.23. /Кабар/. Эртең, 18-июнда саат 16.00дөн 23.00гө чейин Чүй проспектисинин Дзержинский көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Чүй проспектиси Ала-Тоо аянтында "Fusion Concept" заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионаттын КМШ өлкөлөрү арасында тандоо турун өткөрүүгө байланыштуу жабылат.

"Чемпионат эң престиждүү бий сынактарынын бири жана дүйнөнүн бардык бурчунан бийчилерди өзүнө тартат. Эң күчтүү эки бийчи финалдык дүйнөлүк чемпионатка катышууга мүмкүнчүлүк алып, августтун аягында Парижде Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө таанытышат, ага Кыргызстан да кирген эң күчтүү сегиз өлкө катышат", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чара борбор калаанын мэриясы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Улуттук маданий борбордун колдоосу менен уюштурулуп, иш-чаранын өнөктөштөрү Француз Альянс тил борбору жана Гёте институту саналат.

Мэрия жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий