• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкек "Мектеп лигасынын" жеңүүчүлөрү Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 17.06.23. /Кабар/. Күн мурун, 16-июнда Бишкек шаарынын "Мектеп лигасынын" финалынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери жайкы эс алууга Ысык-Көлгө жөнөтүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 100 баладан турган биринчи партия эс алууга чыгышты. Бардыгы болуп 430 бала баш байгеге "Кыргызское взморье" курортуна жолдомо алышты.

Шаардык "Мектеп лигасы" программасынын алкагында жыл сайын спорттун 11 түрү боюнча мелдештердин райондук жана шаардык баскычтары өткөрүлөт. "Мектеп лигасынын" спорттук программасынын негизги максаты - Бишкек шаарында жаштардын спортко кызыгуусун мындан ары өнүктүрүү болуп саналат.

Программанын алкагында 2022-жылдын 6-октябрынан 25-декабрына чейин мектептердин спорт аянтчаларында балдар жана кыздар арасында мелдештин райондук этаптары өткөрүлдү

Сынактын жыйынтыгында жеңүүчү жана байге ээлери Бишкек шаарында өтүүчү "Мектеп лигасынын" экинчи этабына катышуу укугуна ээ болуп, өз районунун жана жалпы мектептин атынан катышты.

16-февралдан 13-майга чейин Бишкек шаарынын спорттук жайларында жалпысынан 1984 катышуучуну камтыган спорттун 11 түрү боюнча Бишкек шаарынын мектеп лигасынын экинчи финалдык этабы болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий