• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү. ЖК мыйзам долбоорун I окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңеш “Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоп берди.

Парламенттен маалымдашкандай, мыйзам долбоорун депутат Медербек Алиев демилгелеген.

Эл өкүлү белгилегендей, мыйзам долбоору Жарандык кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана “Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Анткени акыркы жылдарда коомдо “аптекалык баңгичилик” деп аталып, күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарын кыянаттык менен пайдаланууга байланышкан кооптуу тенденция байкалууда.

Документте баңги кылуучу каражаттарды колдонууга жарнамалоого жана эл алдында чакырыктарга, баңги кылуучу каражаттарды камтыган дары-дармек каражаттарын алууга укук берүүчү рецепттерди же башка документтерди мыйзамсыз берүүгө багытталган аракеттер үчүн жазаны күчөтүү сунушталууда.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда Медербек Алиев айыптын суммасын 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин жогорулаттылып жатканын айтты. Депутат Айжигит Тыналиев онлайн казино жаштар арасында да кеңири жайылып, терс кесепеттерге түрткү берип жатканын белгилеп, мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын берди.

Ошондой эле эл өкүлдөрү Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги алдын алуу иштерин колго алып, баңгичиликтин кесепеттери боюнча видео роликтерди арбын таратуу керектигин айтышты.

Пикир

Оставить комментарий