Айыпталуучуну “Электрондук байкоо”. Юстиция министрлиги жаңы бөгөт коюу чарасы тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти Ички иштер министрлиги менен биргеликте жаңы бөгөт коюу чарасы катары “Электрондук байкоо” пилоттук долбоорун ишке киргизди.

Юстиция министрлигинен билдиришкендей, биринчи жолу Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын тергөөчүлөрү бөгөт коюу чарасын "Электрондук байкоо" түрүндө колдонду.

"Электрондук байкоо" - бул аралыктан идентификациялоо мүмкүнчүлүгү менен айыпталуучунун турган жерин контролдоону камсыз кылган мониторингдин заманбап системасы. Система электрондук билериктер аркылуу, ошондой эле уюлдук телефондогу мобилдик тиркеме аркылуу ишке ашырылат.

"Электрондук байкоонун" негизги өзгөчөлүктөрү:

Электрондук билериктер билекке тагылат жана аларды алып салууга же кайра программалоого болбойт. Жабдууларды жок кылуу аракеттери бузуу сигналын иштетет.

Мобилдик тиркеме айыпталуучунун телефонуна орнотулат, мында белгиленген убакыт аралыгында рандомиялык тартипте Face ID функциясы аркылуу аралыктан идентификациялоону ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү берилет.

"Электрондук байкоонун" негизги артыкчылыктарынын бири бул үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө анын эффективдүүлүгү. Система айыпталуучулардын айрым адамдарга же аймактарга жакындоо радиусун чектеп, жабыр тарткандарга кошумча коргоону камсыздай алат.

Электрондук байкоо Пробация департаментинин Мониторинг борбору аркылуу 24 саат бою адамдын кыймылын үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнү камсыз кылат. Тергөөчү же судья тарабынан белгиленген бул бөгөт коюу чарасынын шарттары аткарылбаган учурда пробация органдары эреже бузууларга тез чара көрө алышат.

Белгилей кетсек, бул чара өзгөчө оор кылмыштарга жана зомбулук көрсөтүү менен байланышкан оор кылмыштарга айыпталган адамдарга карата колдонулбайт.

Мындан тышкары, Пробация департаменти пилоттук режимде жазаны аткаруунун же шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуунун алкагында пробациянын кардарлары болуп саналган адамдар үчүн "Электрондук көзөмөл" системасын ишке киргизди.

Пикир

Оставить комментарий