Бишкекте Кыргыз драма театрынын актерлору мектеп окуучулары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 24.02.23./Кабар/. Бишкектеги №68 мектеп-гимназиясынын базасында окуучулар менен Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын актерлорунун жолугушуусу болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мектепте "Төлгө" спектакли тартууланып, андан соң окуучулар жана мугалимдер аталган спектаклдин актерлору менен таанышып, актёрдук чеберчилик боюнча маалымат алып, кызыккан суроолорун узатышты.

Коноктор КР Эл артисти Калича Сейдалиева, КР Эмгек сиңирген артисти Шайымбек Кыдырмаев, актёрлор Эржан Осмонов, Арнис Кыдырмышев болду.

Соңунда актёрлорго этностук сувенирлер тапшырылып, эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.

Пикир

Оставить комментарий